www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", - деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", - деди министр.

Эске салсак, Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости