www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурдагы президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп 2017-жылы инаугурация фондунан бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз пайдалангандыгы боюнча суракка алынган. Бул тууралуу Иванка Твиттерде билдирди.
Анын айтымында, ал Колумбия округунун Прокуратурасында беш саат бою Трамп мейманканасындагы кымбат баалар жөнүндө көрсөтмө берген. Демократтар Трамп кызмат абалынан пайдаланып, мейманканаларынан пайдаланып жатат деп шектенишет. Учурда Федералдык соттор темага байланыштуу кеминде эки доо арызды карап жатышат. Трамп өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.
Ошондой эле, Дональд Трамптын өзү жана анын үч баласы The Trump Ogranizationдеги иш-аракеттери аларга каршы кылмыш ишин козгоого алып келиши мүмкүн. Буга чейин Трамп президент болуп кызматтан кетерден мурун бир катар адамдарга, анын ичинде балдары менен адвокатын кечирүүнү пландап жатканы кабарланган.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg