www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму быйыл май айында жарыяланган мунапыс өз максатына жеткен жок деп эсептейт. 4-декабрда уюмдун расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мунапыс тууралуу мыйзам долбоору жазылып жатканда 3 миңден ашуун киши жөнүндө айтылган, бирок иш жүзүндө 959 адам мунапыс алды.

959 адамдын арасынан эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан 65 киши бошотулду, качып, бирок кийин өз эрки менен жазасын өтөп жаткан жерге 13 киши кайтып барды, 881 адамдын эркинен ажыратуу түрүндөгү жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартылды.

Уюм масштабдуу мунапыс өткөрүү тууралуу сунушу эске алынбаганын белгилеп, мунун экономикалык кесепетине көңүл бурду:

“Абакта отурган адамдын бир күндүк чыгымы 80-90 сом. Бюджеттен чыгымды азайтуу үчүн абакта отургандардын 30-50% бошутулушу керек эле, акыркы мунапыс 1% жакын адамга тиешелүү болду. Тергөө абактарында да 1 миңден ашуун адам отурат”.

“Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун бул билдирүүсүнө байланыштуу “Азаттык” радиосу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы уюмга тийиштүү жооп жакында берилерин билдирди.

Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам быйыл май айында күчүнө кирген. Аны ишке ашырууга алты айлык мөөнөт берилген.

Мыйзамдын авторлору 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгарын айтышкан.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалып отурганы, алардын 300гө жакыны аял, улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости