www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-декабрда Борбордук Ала-Тоо аянтында “Манас” эпосунун күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, элдик активисттер жана манасчы менен ырчылардын катышуусунда болуп өткөн майрамдык иш-чара кар жаап, абанын суук болгонуна карабастан жайдары маанайда өттү.
Трибунага чыгып сүйлөгөн эл өкүлдөрү кыргызстандыктарды “Манас” күнү менен куттуктап, азыркы учурда Конституциялык Кеңешмеде кароодон өтүп жаткан Курултай темасына байма-бай кайтып жатышты. Элге кайрылган өкүлдөр Курултайды түзүү маанилүү тема экенин жана бийлик элдин колунда болуусу керектигин айтышты.
Бир нече күн мурда Эдил Байсалов менен Конституциялык кеңешменин жыйынында катуу чырдашып кеткен пенсионер Шарабидин Эрмеков да майрамдык иш-чарага катышып:
“Курултай түзөлү, бийлик элдин колунда болсун. Азыр депутаттарга оор болду. Эй байкуштар! Ак үйдүн тосмосу алынды! Жакшы иштебесеңер, эртең менен жумушка кирип бара жатканда элден бир токмок жеп, түшкү тыныгууга чыкканда чимкиригиңерди жедире бир муштум жеп каласыңар! Президенттик шайлоодо адамыбызды шайлап алалы да, Кыргызстанды өркүндөтүп өстүрөлү!”- деп айтты.
Нурлан Мотуев, Чолпонбек Абыкеев, Бейшенбек Абдразаков өңдүү инсандардын коштоосунда өткөн иш-чара элге бакубат жашоо, жаркын келечек жана тынч жашоо калоо батасы менен соңуна чыкты.
Булак: NazarNews.kg