www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эмомали Рахмон Кыргызстандын жаңы бийлигинин күчүн, позициясын текшергиси келди”, - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.
--“Тышкы оюнчулар же геосаясат деген ойлорго жарым-жартылай гана кошулам. Мисалы, Тажикстандын алдын ала даярдык көргөнү болуп жатат. Эмомали Рахмон Кыргызстандын жаңы бийлигин сынап көрөйүн деген ойго келди окшойт. Анткени кыргыз-өзбек чек арасы такталды деген маалыматтан кийин кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр кандайдыр бир жыйынтык алып келиши керек эле. Андай болбогон соң согуштук жолго өтүп кетти. Дипломатия иштебегени үчүн ушундай болду деген ойдомун. Бирок, бул эң туура эмес жол. Мүмкүн болсо сүйлөшүүлөргө кайтуу керек.
Аналиткалык жактан карасак Тажикстан биздеги жаңы бийликтин күчүн, позициясын текшергиси келди. Экинчи жагынан жарашууга чакырган Өзбекстандын дагы өз кызыкчылыктары болуп жатат. Муну ачык айтуу керек. Өзбекстан менен Тажикстан дагы чек арасын толук кандуу чече элек”, - дейт эксепрт.
Булак: NazarNews.kg