www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын тургундары менен жолукту. Анда Садыр Жапаров курулушу пландалып жаткан Ворух жолу боюнча суроо берген тургундарды «чагымчылдар» - деп атады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек дагы суроо берген эки жигит тууралуу үн катты.

«Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтышып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү. Азыр «хайп» кыла турган убак эмес, эң маанилүү маселе — чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалдын биротоло кайталанбашы үчүн аракет кылуу. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү, алардын муктаждыктарын чечүү, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү милдеттери турат. Элибиз өздөрүн коопсуз сезиши керек. Бул багытта иштер жигердүү жана масштабдуу жүргүзүлүп баштады», — деди Галина Байтерек.

Ал Facebook баракчасына жазган билдирүүдө президенттин эл менен жолугушуусунда белгисиз жаштар пайда болуп, кырдаалды козутууга аракет кылышканын айтты. Ошондой эле азыр «хайп» кыла турган убак эмес экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Тажикстан менен чек арада болгон акыркы окуяларда жабыркаган баткендиктер менен жолугушууну пиар үчүн же публика үчүн болгон жок деп айтты. Садыр Жапаров баткендиктер менен ачык сүйлөшүү, алардын көкүрөгүндөгү көйгөйлүү маселелерин угууну каалаган.

Булак: NazarNews

Последние новости