www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны жана жөнөкөй жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мекеменин Жалал-Абад облусу боюнча Коррупцияга каршы кызматы жана ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

"Кармалган милициянын капитаны жана жаран Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү.
Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости