www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АШАнын мураскери Соке эмес, Мырзакматов болгондо…

Мелис Мырзакматов Ошко мэр болоору менен өзүнүн уюштуруучулук жана менеджерлик сапаттарын көрсөтө алды. Шаардын бюджетин дээрлик 2 эсе көбөйтүп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, эгемендик алгандан бери курулуш жүрбөгөн шаарга инвестиция тартып, көптөгөн имараттарды, тарыхый-маданий эстеликтерди курду. Андан тышкары, көчөлөрдөгү акыр-чикирлерди өз убагында тазалоону жолго коюп, бардык тармакта тартип орното алды.

Тилекке каршы, Атамбаевдик бийлик көралбастык менен кысымга алып, толкуган элдин эрки менен эсептешпей, ар кандай айла-амал менен мэрликтен кетирип жаны тынган эле.

Кийинчереек өзү мураскер кылып, такка олтургузган «Соке досуна» таарынганда «Соке Ошто Мелистин көлөкөсүндө эле жүрчү, 3%дык гана кадыр-баркы бар болчу» деп айтып, чындыкты мойнуна алган жайы бар.

Атамбаев иштин көзүн билген Мырзакматовду душман көрбөй, ошол 3%дык баркы бар досунун ордуна мураскер кылганда эмне болмок:

Жээнбековдордун кландык бийлиги орномок эмес;

Сооронбай Жээнбеков курулай өткөргөн 3 жыл убакытта Мелис Мырзакматов алгылыктуу иштерди, орчундуу реформаларды жасап үлгүрмөк;

3-төңкөрүш болмок эмес; Өлкө мыйзам талаасынан чыкмак эмес, Кыргызстан мыйзамдуу өлкө катары эл аралык аброю сакталып, инвесторлордун ишениминен чыкмак эмеспиз;

тышкы карыз азайып, ички инфраструктура өнүгүп баштамак.

Эң негизгиси, экс-президент деген статусу бар Атамбаев «Соке досу» менен чабышпай, төрдө олтурмак. Мүмкүн, дагы да көп нерселер башкача болмок!

Алмазбек Сардеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости