www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 28 жаштагы С.А. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, мурдагы күйөөсү Б.Т. анын жашаган үйүнө барып, денесине залал келтирип, белгисиз куралдан жерди карай ок чыгарганын билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Бандит" аталышындагы рейд иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 34 жаштагы Б.Т. аттуу кармалган. Териштирүү учурунда жогорудагы жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, алынган куралга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости