www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде вакцинация кайсы жерлерде жасала турганын айтты.
Белгилей кетсек, Кытай Кыргызстанга Sinopharm препаратынын 150 миң дозасын бекер берген. Ал 75 миң кишиге жетет. Аталган вакцинанын кыйыр таасири жок экени айтылууда.
Вакцина төмөнкү даректерде жасалат:
Бишкек шаарында №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;
Бишкек шаарында №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (министрлик азырынча эки медициналык жай жетишерин айтып, кийинчерээк калган бириктирилген ооруканалар кошуларын белгиледи);
Чүйдө Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
Ошто №8 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда.
Андан соң ыкчам байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пунктулары уюштурула баштайт.
Булак: NazarNews.kg