www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков буга чейин Игембердиев фамилиясын алып жүргөн, бирок контрабандалык жаңжалдан улам аны өзгөрткөн. Бул тууралуу Reporter.kg өздүк булактарына таянып жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, Айдарбеков-Игембердиев Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүрүп, аткезчилик схемалар менен алектенгенин маалымдады.
Билдирүүгө таянсак, ал кызмат абалынан пайдаланып, спирт ичимдиктерин жана тамеки ташып келген. Андан кийин ал расмий түрдө бул өлкөдөн чыгарылган.
Дал ушул Ашхабаддан чыгарылгандан кийин дипломатиялык кызматкер өзүнүн жеке маалыматын өзгөртүп, Игембердиевдин ордуна Айдарбеков болуп, өзүнүн алыскы эне тарабындагы аталарынын атын алган.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматына өткөн жылдын октябрь айынын аягында дайындалып, кайра эле декабрдын башында бул кызматтан бошотулган. Айдарбеков 2018-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын октябрь айына чейин Тышкы иштер министри кызматын аркалаган.
Булак: NazarNews.kg