www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттердин арасында мурун эл арасында  3%  авторитети барлар болгон. Ал эми талапкер Сегизбаевдин кадыр-баркы андан да аз 1, 46 % болду. Президенттик шайлоого чыкканга чейин Абдил Сегизбаев орустардын атайын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бекем ишенимге киргенден кийин аламанга аттанганы кабарланган. Сегизбаевди ким угат эле, анын «патрону» Атамбаевдин карааны калдайып көрүнүп тургандай. Демек, Атамбаевдин кадыры Бельяниновдун көмөгүнө карабай  1, 46 % пайызга түшүптүр. Атамбаев-Сегизбаев сыяктуу мыкаачылар азыркы президент Садыр Жапаров камалып жатканда бычактап - кескилеп эрмектегени аз келгенсин, көзү өтүп кеткен атасына уруксат бербей, ал эми баласына Ташиев ортого түшүп жатып, эптеп топурак салдырган. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев «торпок оюн» салып бийлигине таянып алтын чогултуп жүргөн.

Учурда Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгонун тастыктады. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жер кодексинин талаптарына ылайык, жер, анын кен байлыктары, өсүмдүктөрү, жаныбарлары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин, иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарууга алынат, ал эми жайыттар жеке менчикке же ижарага берилбейт.

Атамбаевдин колдоосуна ээ болгон  УКМКнын мурдагы жетекчиси Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен Баш мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлерине кол салып, коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерди 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, курулуштарды жүргүзүп, андан кийин жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Ошону менен бирге Абдил Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева, Г.Кеңешова жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалап, Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алып, жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары Абдил Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К.Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

20-январда Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш ишин маалымат каражаттарынан окуганын айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактардын бирине билдирди: "Мени унчукпай калсын деп кылмыш ишин козгоп жатышат. Муну саясий буйрук катары баалайм. Шайлоодон кийин кылмыш иши козголо турганын билгем. Бул боюнча социалдык тармакка журналист Сыргак Абдылдаев дагы жазган", - деди ал.

УКМКны башкарып турганда Абдил Сегизбаев «Белизгейт» операциясы менен Өмүрбек Текебаевди, Аида Салянованы жана Алмамбет Шыкмаматовду каралап салганы эсиңердеби? Үчөөнү үлкөн коррупцияга шектүү катары көрсөтүүгө ашыкканычы? «Булардын Белиз өлкөсүндө миллиондорду чапчыган үй мүлктөрү барбы?» дегендей суроолор жаралган. Аныгында, каралоо катары кабыл алганбыз. Көп өтпөй Абдил Сегизбаев УКМКнын аскерлери менен Өмүрбек Текебаевди чет өлкөдөн келе жаткан жеринен «Манас» эл аралык аэропортунан кармап, түрмөгө камап салган. «Маевскийден 1 миллион доллар алды» деген жарлык тагып, Дүйшөн Чотонов экөө үч жылга жакын убакыт түрмөгө отуруп чыгышты. Ал чуулгандуу иш бүгүнкү күнгө чейин да «Чубактын кунундай» созулуп, сот процесстери аягына чыкпай келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости