www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин вице-президенти Чынгыз Шамшиев "Мамлекеттик башкаруудагы инновациялар жана кызматтар" аттуу конференцияны ачып жатып, учурда кесипке болгон мамиле өзгөргөнүнө токтолду.
- Учурда робот кыла албаган кесиптерди студенттерге окутушубуз керек. Бул учур талабы. 5-10 жылдан кийин мисалга, бухгалтер кесиби эч кимге кереги деле тийбей калат. Биздин өлкөдө болбосо дагы аталган кесип өнүккөн өлкөлөрдө жокко чыгат. Эмгек рыногунда суроо талап чоң болуп жаткан кесиптерди окутушубуз абзел. Критикалык, чыгармачылык ой жүгүртүү, жана маалыматты анализдөө жана аларды критикалык жактан кароо жагына балдарды окутушубуз мезгил талабы, - дейт Шамшиев.
Эске салсак, кечээ Борбордук Азиядагы Америкалык окуу жайында инновациялар боюнча конференция болуп өттү.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg