www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Антикытай митингинен кийин ар кимде ар кандай пикир жаралып, өлкөбүздө арты бүтпөгөн сөздөр тарады. Журналист Адилет Калыгулов, "кыргыздын душманы кытай эмес, кыргыз", деген пикирин жазды.
«Антикытай» акциясын ким уюштуруп, эмне максат көздөп жаткандарын айта албайм. Балким карапайым эл эч бир уюштуруучу жок эле биринен бири угуп чогулгандыр, балким чындап кытайлыктардын экологиябызды же башка нерселерди бузуп жатканына чыдабай чыңалуу жаралып жаткандыр, балким чындап эле алар кайсыл бир саясий күчтөрдүн максатын аткарып жаткандыр. Расмий билдирүү болбогон соң божомол кылып гана тим болуудабыз.
Бирок, кандайдыр бир иш чаранын аркасында бирөөлөр туруп, анын уюштуруучулары болоорун унутпашыбыз керек.
Учурдан пайдаланып эртең кытай мамлекети биз менен болгон соода-сатык мамилесине суз мамиле кылып, чек арасын жаап койсо эмне болот? Токсон болбосо да калктын алтымыш пайызы кытайдан өндүрүлгөн продукция, ал жактан жасалган кийим кечек, техника менен камсыз болуп жатпайбы. Керек болсо ымыркайдын кийиминен баштап оюнчуктарына чейин ошол жактан келип атканы калппы. Канчалары базарда кытайдын товарын алып-сатып оокатын кылып келет. Жада калса курулуш тармактарына керектелүүчү шаймандардын көпчүлүгү ошол жактыкы. Өзүң кыргыз болгонуң менен кийген кийимиң, көтөргөн телефонуң, жашаган үйүңдүн эмеректери кытайдыкы болуп атпайбы.
Сөзүм куру болбошу үчүн айта кетейин. Кечээки митингдеги чогулгандардын баары болбосо да көпчүлүгү кытайдын шымын, курткасын, баш кийим, ботасын кийип жүрүштү го. Сүйлөгөн сөздөрүн да жаңыртып турган кытай микрофону менен колонкасы болду.
Илгерки тарыхыбызды бетке кармай берсек кытай эмес кыргызга башкасы да душман. Ошол эле орусуң, немис, өзбек, калмак эли да душманыбыз. Керек болсо кыргыздын кызын кыргыз зордуктап, кыргыздын уулун сабаган кыргыз да бирине бири душман. Тууганга тууган душман. Кыргызга кыргыз душман.
Ошондуктан, патриоттук сезимди башка жагынан көрсөтө билсек.
Карапайым элдин чогулуп, бийлике талаптарын айтуусуна толук укугу бар. Элдин кызыкчылыгына иштебеген өкмөт, Жогорку Кеңештин кереги жоктугу да талашсыз.
Болгону кайсыл бир күчтөрдүн куралына айланып, келечегиңерге балта чаап албагыла деген гана тилек. Ызы чуу боло берсек өзүбүз да, өлкө да өнүкпөйт, деп жазат Адилет Калыгулов.
Булак: NazarNews.kg