www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убактарда ак үйдү кара дуба окуп биротоло бууп салышыптыр деген аңыз кеп жылымжып тарай баштады. Ал тургай жалаң ушундай шойкомдуу имиштер менен алектенген жазмакерлер бар. Качан болсо да алар саясаттын “желесине” түшүп алып бийликтеги байлар тууралуу укмуштай божомолдорду токуп, канткенде ошондон кутулушаары тууралуу акылдуу сунуштарын бежирешет.
Болгондо да мурдагы, азыркы ажолорго чейин “прогноз” берип коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракетин жасашкан кези.
Сапар Исаковду эмне окуя күтүп турат, Осмонбек Артыкбаев буйруса камактан чыгат, Сооронбай Жээнбеков ак үйдү кара дубадан тез арада тазалатпаса иши оорлойт деген кычкыл кептерин жаадырышат.
Акырында ырымына мал сойуп ишааратын жасабаса болбойт деген жыйынтыгын чыгарганына не дейбиз? Эмнеси болсо да ар кандай топтордун торуна түшө турган кезге жеткендейбиз…
Булак: "Ачык сөз" гезити