www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатка аралашкандардын баары эле элди артынан ээрчитүүгө маш деп эч ким аныктап айта албайт. Бираз тепкичтен өйдөлөсө эле өзүнүн мурдун көрө албаган далай саясатчы сөөрөйлөр керек болсо сокур амбициясы үчүн түрмөнүн боткосун жегенге татыктуу болушканын коомчулук жакшы билет. Бирок, ошентип караңгы жерде күркүрөсө деле эркиндикке чыккандан кийин мурдагысын унутуп баягыл эле арабага түшүп каларына не дейбиз? Көрсө саясат деген кудум наша сыяктуу азыткы турбайбы. Ойноок эле колдой болуп, улам алакандарын кычыштырып жанын жерге койдурбай жакалап турганы турган. Ошондуктан саясатта эски бөрүлөрдүн жүзү дале көрүнүп турат. Кет деген сайын аларың ырылдап тап берет десең…
Арийне, мурдагы ажо үзөңгүлөш жүрүп тишин көрсөткөн бир топ саясатчылардын адебин берди. Камала тургандарын камады, кээ бирлерин жапшыра сүздү. Тилекке каршы баарын өзү менен кошо алып кете албай калды. Тактыдан түшөр замат ичи сыйрылган “достору” капталдан чыга калып, туш келген жерден тиштеп калууга аракеттенди. Бөйпөңдөп эле жүргөндөр көзүн кызартып, айбат кылып жаңы башчыга жойпуланды. Бул албетте саясатта болуп эле жүргөн көндүм адат. Антсе да айрым жол табарлар акырын кеткен кишиге куйругун шыйпаңдатып оокатын кылуунун амалын издеп жатышат. Мына ошондойлор эски достордун ортосуна шынаа кагып, биротоло душман болууга салымын кошушту. Дагы бир жолу журтчулук саясатта кызыкчылык гана болоруна көздөрү жетти.
Ал эми учурдагы саясий айдыңга саресеп салсак абал шойкомдуу болуп баратат. Эптеп шылтоо издөөнүн аркасында жүргөн куу саясатчылардын отуна май чачырап жатканын көөдөнү сокур болбогондор сезип калышты. Ошондой топтун башында кадимки Роза Отунбаева турганын ачык байкоого болот. Анын жанында баягыл эле жандоочтору — Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров сыяктуу жан-жөөкөрлөр көлөкөдөй ээрчип жүрөт. Ал тургай парламенттеги фракциянын жетекчилери да мурдунан жетеленип калгандыгы ого бетер шек жаратты. Алар андан көрө калк талабын аткарууга аракетин көрсөтсө майнаптуу болмок. Өмүрбек Текебаевди президент мааракеси менен куттуктап жибергени коомчулукту кыйла дүрбөлөңгө салды. Ошондон улам Текебаевди түрмөдөн чыгаруу маселеси жанданды. Шылтоого жамынып жасалган аракеттин натыйжасы нөлдү көрсөттү.Тим турбаган Турсунбек Акун муну сокурлук дымак катары баалады. Ал тургай Отунбаевада юридикалык көз караш чолок дегендей түрдө жымсалдады. Мында чындык бар.
Азыркы президент Сооронбай Жээнбековду тегеректегендердин баарынын эле ичи ак эмес. Жойпуланып жүргөндөрдүн түбү бош калдырап. Эгерде тактысы кыйшаңдап кетсе ошолор биринчилерден болуп качып чыгышат чымындай жанын артык көрүп. Анын үстүнө качып кеткен кишинин “саркындылары” жерге тийген тизесин өйдө кылмак тургай башын жогору кармаганы кооптондурат. Капыстан реванш колуна тийсе булар эски кектерин алууга катуу киришээри талашсыз. Калп эле мына оор учурда биз колдойбуз дегендерден өтө сак болуу кажет. Анчалык тажрыйбасы жок башчынын көбүрөөк жаңылыштык кетирүүсүнө кызыктар болгондор саясаттын кемесине бир кезде илээшип, андан таптакыр түшкүсү келбегендер. Ошондуктан көрөгөчтүк касиеттин падышада болуусу зарыл. Кылт эткенди таразага салып, анын чоо-жайын иликтей албаса капканга түшүп берери деле ырас.
Мурдагы бийликтин мезгилинде камалгандарды азаттыкка чыгаруу, кытай маселесин курчутуу, курултайчылардын талабына маани берүү, мыйзамдардын чийкилиги, мигранттардын көйгөйү тууралуу нааразычылыкты уюштуруу тегин жерден болбойт. Ушундай багытты колдонуп, ак үйдүн алдына чуручуу жаратуунун өзөгү чамасы тереңде жаткандай. Жакшылап саресеп салган адам сегиз жыл мурдагы Убактылуу өкмөттүн күжүрмөн мүчөлөрүнүн жигердүү кыймылын байкабай койбойт. Каерде болсо да ошолордун карааны селпектеп неге көрүнөт? Тирүүчүлүктө ар кандай орошон ойлор башты тумандатып, көздү будамайлап түркүн кыялдарга түртмөктөйт. Айрыкча капчыктуулар бийликтин мунарасына чыгууга сугун артат. Дымагы барларды алыста туруп сүрөөчүлөр деле табылат. Пайдубалы анча бекемделе элек бийликти күүгө келтирбей жок кылууга ынтызар болгондор тымызын өз күчтөрүн сынап көрүүгө барышаары деле турган иш. Ички тирешүүнүн кесепети керек болсо чоң жалынга айланышы да ыктымал. Карапайым адамдын көкүрөгү тынч жашоого умтулса куйту саясатчылардын көзү бийликте, байлыкта болору калетсиз. Айтор, турмуш өз нугунда өтүп жаткандай сезилгени менен саясаттын казаны чызылдап кайнап келаткандай туюлат. Ошондуктан маалыматтык каражаттар отко май чачууну эмес, кыргыз өлкөсүн аман сактап калууга, элди дүрбөтпөөгө, улуттун дөөлөттөрүн улантууга, кыйчалыш кезде туура жолго салууга умтулушу кажет. Бир ууч ачкөз саясатчылардын жетегинде болуудан дагы эле жалка элекпизби? Кезеги келип калса алар кайрадан токочтуу балага айланат. Кайра эле шордуу эл босогодо калат кара ташка отуруп. Ошондуктан тополоң салууга катышпай, мамлекетти кантип кризистен чыгарып кетүүнүн жолдорун таап салым кошууга ниетибизди буралы.
Жора Сулайманов
Булак: "Ачык сөз" гезити