www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Covid-19 адам тарабынан атайылап жайылтылганы боюнча эч кандай далилдер жок. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин билдирди.

Ал "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин директору Дмитрий Киселевго интервью берген. Журналист COVID-19 илдетин кызыкдар тараптар атайын жайылтышы мүмкүн деген божомол көптөрдү кызыктыраарын айтып, "Тышкы чалгын кызматында так маалымат болсо керек" деген суроосун узаткан.

"Бул продукция адам колу менен жасалганын далилдеген бир дагы маалымат жок. Биздин оюбузча, вирус табигый түрдө пайда болгон", — деди Нарышкин.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча, 48,7 миллион адам коронавирус илдетине кабылды. Алардын ичинен 32,2 миллиону айыгып, 1,2 миллиону көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости