www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 9 ай ичинде өлкөдөн 316 чет элдик жаран депортацияланды

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандан 316 чет элдик жаран депортацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлады.

Белгилей кетсек, аталган кызмат үч кварталдын жыйынтыгын чыгарып, бул аралыкта жасалган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Ага ылайык, чек арадан 6 221 700 адам, 592 464 автоунаа өткөн. Мамлекеттик чек араны бузуп өтүүгө аракет кылган 104 жана чек ара режимин бузган 45 киши кармалган. 1 264 жаран туура эмес документ менен баратканы аныкталган.

Ошондой эле тогуз айда чек арачылар 18,2 миллион сомдук контрабандалык товарды табышкан. Ал эми 41,6 миллион сомдук жүктүн тиешелүү документтери жок экенин тастыкташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости