www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-ноябрда, эртең менен саат 6:30дар чамасында Бишкек — Ош автоунаа жолунун 172-чакырымында Суусамыр өрөөнүндө Toyota Camry менен жүк ташуучу фура кагышып, үч адам набыт болгон. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 60 жаштагы айдоочусу жана анын баласы менен келини мерт болгон.

Белгилей кетсек, каза болгон үй-бүлөнүн бир жаштан беш жашка чейинки үч баласы жаракат алган. Алар учурда Жайыл райондук ооруканасында жатат. Абалы тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

Милициянын маалыматы боюнча, жүк ташуучу унаанын ичиндеги адамдар жаракат алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости