www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Covid-19: Россияда рекорддук көрсөткүч

Россияда акыркы сутка ичинде өлкөнүн 85 аймагында коронавирустук инфекциянын 17 347 жаңы учуру аныкталды. Бул COVID-19 менен ооругандардын күн сайын көбөйүшү боюнча рекорд. 

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус менен ооруган 219 бейтап каза болуп, дагы 7574 адам айыгып, үйүнө чыгарылды. 

Бул илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Москва шаарында (5224), Санкт-Петербург шаарында (715) жана Москва облусунда (499). Эң аз учурлар Чукотка жана Ненецкий автономиялык округдарында (тиешелүүлүгүнө жараша 1 жана 4), ошондой эле Чечен Республикасында (9) белгиленди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости