www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фонд жана Салык кызматында иштеген кызматкерлер аралашкан коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылымыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай коррупциялык иштердин кесепетинен мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй калган.

"Жогоруда белгиленген кызмат адамдары колундагы бийлигин пайдаланып жең ичинен каражат алып туруу үчүн мыйзамга каршы келген байланыш түзгөн. Бул үчүн коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгына кооптуулук жараткан алтын казуучу "КГ.К." компаниясына артыкчылыктарды берген. Мунун натыйжасында компания салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келген", — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости