www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшада бойдон алдырууга тыюу салган мыйзамга каршы болгон эл беш күндөн бери митингге чыгып, 50дөн ашык шаарда маал-маалы менен автоунаалардын жолун бууп жатышат. Бул тууралуу ВВСге шилтеме берип  "Sputnik"  жазды.

Айрым адамдар көчөдө "Өкмөттүн боюнан алыш керек!" деген плакаттарды көтөрүп жүрүшөт.

Маалыматка карганда, Польшада бойдон алдырууга бөгөт койгон мыйзам мурда деле бар болчу. Болгону анда "эгер түйүлдүктөн майып адам төрөлөрү аныкталса, бойдон алдырууга уруксат берилет" деген пункту болгон. Мындан улам өлкөдө бойдон алдырган аялдардын 98 пайызы маалыматка ушул жүйөнү жаздырып алышчу.

"Өткөн аптада Польшанын Конституциялык соту мыйзамдагы бул нерсени мүчүлүштүк деп таап, ага дагы тыюу салып койду. Эми аялдар зордуктоо учурунда боюна бүтүп калса же кош бойлуулук аялдын өмүрүнө коркунуч туудурса гана аборт кылдырууга уруксат берилет. Башка учурларда баланын канчалык күтүүсүз болгонуна карабай төрөшү керек", — деп айтылат макалада.

Негизи эле бул өлкөдө бойдон алдыруу маселеси өтө курч. Мисалы, 2014-жылы сурамжылоо жүргүзгөн учурда респонденттердин 65 пайызы бойдон алдырууга каршы экенин билдирген. Бирок кийинки жылдары коомдун көз карашы өзгөрүп, сөз болуп жаткан мыйзамга каршылар көбөйгөн.

Расмий маалыматтарга караганда, жыл сайын Польшада мыйзамдуу түрдө бир миңдей аял аборт кылдырат. Бирок аялдардын укугун коргоочу уюмдар жашыруун же башка өлкөгө барып бойдон алдырып келген аялдардын саны жыл сайын 80 миңден 120 миңге чейин жетерин айтып келишет. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости