www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Түркияда 216 дарыгер вирустан каза болду

Түркия жумуриятында 216 дарыгер коронавирустун айынан өмүрүнөн айрылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыктты сактоо министри Фахреттин Кожа 9-декабрда басма сөз жыйынында билдирди.

Министр ошондой эле өлкөдө бир миллион жүз миңге жакын дарыгер жигердүү иштеп жатканын жана Түркияда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы санынын он пайызы дарыгерлер экенин кошумчалады.

Министр Кожа Түркияга декабрь айынын аягына чейин кытайлык «Sinovac Biotech» компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынан 50 миллион доза келе турганын жана алгач бул вакциналар медиктерге сайылаарын маалымдады.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу быйыл 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 9-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 15 531 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар жарым миллиондон ашып, алардын 448 миңге жакыны айыгып чыкты.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлдү. Жума күнү кечки саат 09:00дан дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00ке чейин атайын уруксаты жок тургундар үйлөрүнөн чыкпоого тийиш.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости