www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Нью-Йорк штатында ушул жылдын жазында коронавирус эпидемиясынан каза тапкан жүздөгөн адамдын сөөгү жерге берилбейт турат. Бул тууралуу «Wall Street Journal» басылмасы жазды.

Басылманын айтымында, жаз айында илдеттен каза тапкандардын саны арбып, мунун айынан жергиликтүү бийлик атайын муздаткычы бар жүк ташуучу унааларды да «көчмө морг» катары пайдаланууга аргасыз болгон. Маселен, шаардын Бруклин аймагындагы ушундай унааларда 650 маркумдун сөөгү көмүлбөй турат.

Бул боюнча Нью-Йорктун улук медициналык экспертиза башкармалыгы: «Сөөктүн көпчүлүгүнүн жакындары табыла элек, айрым маркумдардын туугандарынын жерге берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Айталы, 230 маркумдун жакындары менен байланышып, сөөктү алып кетүүсүнө уруксат берүүгө мүмкүн эмес», — деп маалымдаган.

Белгилей кетсек, ноябрь айынын башында Техас штатында да ушундай «көчмө морг» уюштурула баштады. Себеби оору жугузгандардын саны миллиондон ашып, анын кесепетинен каза тапкандардын сөөгү жергиликтүү моргдорго батпай кеткен.

Эске салсак, мындай ыкма 2001-жылдын 11-сентябрындагы жан кечтилердин чабуулунан улам пайда болгон кырдаалда да колдонулган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости