www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мугалимдер менен бирдей айлык алган депутаттар Швецияда өз айлыгын каалашынча көтөрүп алууга укугу жок. Бизде парламенттик республикага таянып алып, депутаттар каалашынча айлык жана башка акча каражаттарын көтөрүп алышат. Швеция деле парламенттик республика, бизде депутаттарды айлыгы жок иштетип көрсүнчү эмне болоор экен?

Депутаттын айлыгы

1957-жылга чейин депутаттар айлык алган эмес. Азыр алган айлыктары 40 миң крон же мугалимдердин айлыгы менен барабар. Депутаттар өз айлыгын биз сыяктуу каалашынча көтөрө алышпайт.

Автопарк

Депутат ишине коомдук унаалар менен барат. Эмнеге депутаттар автобуска түшөт деген, Камчыбек Жолдошбаев жарылып өлө турган жер ушул жер экен. Мамлекет аларга “проездной” берет. Мамлекет менчигинде үч гана машина бар: президент үчүн, премьер үчүн жана орун басарларына, өтө официалдуу учурларда гана пайдаланылат.

Депутаттын тамактануусу

Парламент жайгашкан жерде официант деген жок. Ар бир депутат өзүнө-өзү тамак-аш сатып алат, тамак ичкен соң, жакшылап жууп туруп,ордуна жеткизип коюуга милдеттүү. Мамлекеттин эсебинен кымбат ресторанга баруу бул нонсенс болуп эсептелет.

 Жардамчылары

Бир да депутат катчы, ассистент алууга укугу жок. Партия тарабынан барына бирдей секретариат түзүлгөн. Өз кызыкчылыгы үчүн эч ким аны пайдалана албайт. Депутат расписаниени өзү түзүп, кофеге өзү чуркап барат.Экс-депутатка иш тапкычаайлыгынын 85 % берет. Эгер адам иш тапса жөлөкпул берилбейт.

 

 Турак-жай

Депутаттар үчүн Стокгольмдан тышкары жерде 45 кв/м бир бөлмөлүү үй каралган. Бул бөлмөнү депутат өзү тейлейт, мамлекет таратынан бир жылда бир тазаланат.

Турак-жай депутатка тиешелүү болгондуктан, анын үй-бүлөсүнүн жашоого укугу жок. Жакындары түнөп кетсе мамлекетке акча төлөш керек.

Мамлекеттик кызмат

Мамлекеттик кызмат Швецияда престиждүү эмес, ошол үчүн ал жакка элдин баргысы келбейт. Мисалы, жакында премьер-министр кызматынан баш тарткан, көп убак анын орду бош турган, анан зордук менен мурунку Каржы министрин коюшкан. Мамлекет канчалык бай болсо, ошончолук ал үчүн иштөө престиждүү эмес деген мыйзамды колдонушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости