www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин антителолор организмде эки жылга чейин сакталышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости РФтеги "Улут саламаттыгы" улуттук долбоорунун президенти, медицина илимдеринин доктору Дмитрий Еделевге таянып жазды.

Адис оорунун жеңил формасы менен ооругандарда антитело 90 күн турат деп эсептерин кошумчалаган.

"Антитело эки жылга чейин сакталат (эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин), мындай деп жок дегенде теориялык жактан алганда эсептедик, ал эми 1,5 жыл кармалып турарын так айта алабыз. Үч айдан соң COVID менен ооруган төртөөнүн үчөөнөн антитело кетет. Бул кадыресе реакция. 90 күн антителонун циркуляция болгон мезгили. Бирок бул иммунитет туруктуу болбой калат деген түшүнүк эмес", — деп белгилеген адис өз маалыматында.

Еделев беш өлкө коронавируска каршы россиялык вакцинаны чыгарууга макул экендигин, алардын калкынын жалпы саны жарым миллиардга чамалап барарын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости