www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Элге Конституциянын дагы кереги жок, алар малын багат, жерин айдап жашай берет», - деген пикирин журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасын жазды.

«2021-жыл оор болот окшойт. Биздеги саясий туруксуздук үчүн эч бир мамлекет мамиле кылбай жатат. Келерки жылга кабыл алынып жаткан бюджет "ачка калбасак болду" деген абалда экен. Келип калат деген насыялар келбей дагы калышы мүмкүн. Эгер андай болсо, социалдык жарылуу болот, кылмыштуулук өсөт, өтө коркунучтуу заман келет.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө 1 сом каралбаптыр, айлык, пенсия, пособие жана ковидге гана. Бул деген 2021-жылга мектеп, оорукана, жол ж.б эч нерсе курулбайт, өлбөй жашасак болду дегенди түшүндүрөт. Фейсбукта экономикалык сабаты бар адамдар кенен толуктайт болуш керек.

Эми ушундай шартта, элдин, мамлекеттин тагдырын таразага салган, бийлик үчүн өлүп-талып жаткан саясатчыларга эмне деш керек?

Барыңар эле "эл айтты" дейсиңер. Эл айткан жок, эл аккан суу. Көпчүлүк элге Конституциянын дагы кереги жок, алар малын багат, жерин айдап жашай берет. Элге стабилдүүлүк эле керек. Бизнес сектор өлдү, инвесторлор жологус жагдайдабыз.

Баш мыйзамды шылтоо кылып, барабан кагып чыгып жаткандар чын эле күйүп жатат дейсиңерби? Алардын бир эле максаты бар, дестабилизация! Көп гранттарды актоо. Эртең башка бийлик келсе деле ушулар ызылдап пайда болушат. Чырылдатып, чыйылдатып, ажылдатып, ай-аай, апей дедиртип барып эле камап салыш керек, колу бутунан сүйрөп. Болбосо коомдун пикирин буза берет.

Анан эки көз караштагы саясий топ - ынтымакка келгиле. Жанагы барабанчылар, алар үчүнчү күчтөр», дейт Дайыр Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости