www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-ноябрда эртең мененки саат 06:13 чамасында Ташкент шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус өрттөндү. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, № 116 автобустун айдоочусу алгачкы жүргүнчүлөрдү алуу үчүн бара жатканда өрт чыккан.

Айтылган дарекке 4 мүнөттөн кийин жеткен өрт өчүрүүчүлөр саат 06:26да өрттү чектеп, саат 06:39да толугу менен өчүрүштү. Айдоочу өрт башталганда эле салондон жерге түшүп кетүүгө жетишкен. Өрттөн адам жаракат алган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости