www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дамирбек Назаров Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин 20-январдагы сессиясында Дамирбек Назаровдун Жогорку соттун судьялыгына талапкерлиги каралды.

Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов жыйында билдиргендей, Назаровдун талапкерлигин Жогорку соттун судьялыгына бекитүү тууралуу мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов сунуш киргизген.

Калматов Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан бошотуу жана кылмыш жообуна тартуу тууралуу Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими чыкканын маалымдады.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Назаровдун айлыгы менен мүлкүнө, декларациясына кызыкты.

Дамирбек Назаров тапкан кирешеси менен мүлкүнүн баары декларацияда көрсөтүлгөнүн, жылына 400-450 миң сом айлык аларын жана бул каражат негизги кирешеси экенин айтты.

Жыйынтыгында анын талапкерлигин сессияда каттоодон өткөн депутаттардын 92си колдоп, бирөө каршы добуш берди.

Көпчүлүк добуш менен Жогорку сотко судья болуп дайындалган Дамирбек Назаров сессияда ант берди.

Белгилей кетсек, 42 жаштагы Дамирбек Назаров буга чейин Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы болуп иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости