www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Равшан Бабырбекович, эмнеге ачууга алдырып, Кой–Таш окуясында каза болгон Үсөн Ниязбековдун апасына катуу сөз айттыңыз?

-Ал киши бир жарым жылдан бери Кой-Таш окуясы боюнча болгон соттордо мыйзамсыз, кемсинткен, жалган сөздөрдү айта берип, катуу айтууга аргасыз кылды. Балким мен баласы өлгөн аялга катуу айткандырмын. Мүмкүн туура эмес кылгандырмын. Бирок, чыдамым түгөнгөн үчүн ошондой катуу сөздү айтканга аргасыз болдум. Бирок, элге тарап жаткан видеодо мен эле сүйлөп жаткандай болуп калыптыр. Мен жооп кайтарганга чейин да ал киши тарабынан айтылган бир топ мыйзамсыз, адамдын маданиятына туура келбеген ачуу сөздөр айтылган. Ошол  сөздөргө реакция катарында Сооронбай Жээнбековго жан тарткан айрым  массалык  маалымат каражаттары менин гана сөзүмдү кесип алып таратышты. Буга чейин соттор Сооронбай Жээнбековго баш ийгендиктен ал кандай сөз айтса да, соттор эч кандай эскертүү бербей анын сөзүн чыдап угуп отурушчу. Биз дагы араң чыдачубуз. Жаңы бийлик келгени соттор ачык боло баштагандан бери өткөндөгү сотто ал кишиге мыйзамсыз, туура эмес, жалган сөздөрдү айтканы үчүн эскертүү берилген. Кечээ дагы  ошондой чындыкка дал келбеген, аябагандай ачуу сөздөрдү айтты. Анын сөздөрү жаныма батып, баласын жоготкон аялга видеодогу сөздөрдү айтып койдум. Ишенбесеңер буга чейин да ал кишинин бизди кемсинткен, мыйзамсыз, жалган сөздөрдү айтканын ар бир соттук процестеги видео, аудиолордон көрсөңөр болот. Анда баары  жазылуу.

-Айтмакчы Үсөн Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева сизди сотко бериптир го. “Баламдын киши өлтүргүч экенин далилдесин” деп...

-Сотко бере берсин. Ал анын укугу.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун мындай пикирине маркум Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева төмөнкүчө жооп берди.

-“Мен сот отурумунда да чындыкты айттым. Атамбаев келбесе аны калкалашат. Бир жыйынтык чыга элек, келген сайын бир шылтоону айтып кутулушат. Алар бийликти басып алууга даярданган. Ошондо коопсуздук комитети барган. Менин балам ал жерге жеке кызыкчылыгы үчүн барышты беле? Уюштуруучулар “Кой-Таш республикасы” деп жарыялашты. Атамбаев ок атпай койсо болот беле? Сырттан душман келсе да түшүнөт элем кесиби ушул да деп. Ички душман мамлекеттик чыккынчы, мамлекеттин ичинде мамлекет болуп жатса, аны сабатсыз саясатчылар жандап жүргөнү үчүн 2 ай дүркүрөп турушту го. "Президенттикке талапкер болуп 0,5 % добуш алдың, жок дегенде 1%га жетсең укмуш болмок экенсиң", дедим. Мыйзамсыз мен ага эч нерсе деген эмесмин. Террористик маанайдагы акт элге коркунуч келтирген топтор, көрүнбөгөн ички душмандар үчүн коопсуздук комитети күрөшөт да дегенмин. Атамбаевдин тарапташтары Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсе эле түрмөдөн бошонушат деген ойдо жүрүштү. Жээнбековдун эки жүздүү саясатчы экени баарыбызга белгилүү. Ушундай адамдардын айынан, 6 баласы артында калып, каза болгон уулума ичим ачышат, жүрөгүм сыздайт. Буларчы, эмне кылды? Буканы ар кимге союп берип, буканын этине тоюп кутурушту.

Бандиттерди топтоп, алар мас турганын көрүп турдум. Интернеттен прокурорлордун жазгандарын алардын сөздөрүн окудум. Эми Атамбаевди атайлап эле “ооруду” деп, сотко келтиришпей жатат. Эмнеге кечиктирип жатышат түшүнүксүз. Булар дагы бир кооптуу нерсени күтүп жатышат. Бул саткындарга менин башыма түшкөн иш, өздөрүнүн башына келгенде түшүнүшөт. Мен уулумдан айрылып олтурам, абалымды түшүнбөсө Кудайга койдум, башка айлам жок”, - деди Өктөм Мамаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости