www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курал Чокоевдин чуу жараткан долбоору эл арасында дагы эле кызуу талкууга алынууда. Кезегинде шоу бизнестин бир топ өкүлдөрү Курал Чокоев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинен ажыратылаары менен биринин артынан бир «Сыйлыгыңардын пайдасы жок экен, өткөрүп берем» деп элди уу-дуу кылышууда.
Алардын арасында «даңк» наамымды берем десе, дагы бири «Сыйлыкка биз эле эмес, 70 жашты таяп калган Адылбек Кыязов өңдүү агаларыбыз жете элек…» деген пикирлерин айтышууда.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Наамды эми кайтарып ала албайт, бирок берүүнү «хайп» кылып алышты.
Долбоорду сындабай, тескерисинче жайылтуу керек болчу, азыпкы учурда сыйлыктардан эмне пайда?» деген ойду айтты.
Эске салсак, ырчы Курал Чокоев YouTube каналы аркылуу шоу-программа ачып, анда ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен баарлашуу көрсөтүлгөн.
Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан. Ошондой эле, ал берүү 18 жаштан жогору деп, берүүдө уят сөздөрдү колдонууга уруксат берилген.
Курал Чокоевдин берүүсүнө конок катары келген Кайрат Примбердиев да коомчулуктун катуу сынына кабылгандан кийин министрлик тарабынан аны жоопко тартуу чечими чыккан.
Ал эми кечээ ырчы Кайрат Примбердиев акыркы окуялардан кийин ага жана үй-бүлөсүнө карата коркутуулар болуп жатканын айтып чыкты.
Булак: NazarNews.kg