www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-январда NazarNews маалымат агенттиги көз карандысыз эксперт Тилек уулу Мыктыбек менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
-Тилек, эмнеге Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбоого аракет жасап, шайлоо таза өткөн жок деген пикирди айтып жатат?
-Ал каалайбы, каалабайбы шайлоо жыйынтыгын таанышы керек. Анткени, кандай болгон күндө дагы азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек деп ойлойм. Бул жерде анын позициясы түшүнүксүз болуп жатат.
-Эмне үчүн экс-президент деген макамы бар Роза Отунбаева тынч өткөн, административдик ресурс колдонбогон шайлоону кырсык деп жатат?
-Роза Отунбаева эмнегедир бул бийликке каршылыгын көрсөтүп келе жатат. Мүмкүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн эл билген жана билбеген көп мыйзамсыз иштери ачыкка чыгып кетет деп кооптонуп жаткандыр. Ошон үчүн жаңы бийликке ар кандай жолдор менен каршылыгын көрсөтүп жаткансыйт.
-Баса, үгүт учурунда негизги талапкерди сындап, каралаган талапкерлер куттуктаганга уяты жол бербей жатабы же алар дагы деле Садыр Жапаровду жээрип жатышабы?
-Уяты жол бербей жаткандар бар, дагы бир нерсеге үмүттөнгөнү деле бар, такыр уяты жоктору да бар. Кыскасы, үгүт учурунда кимдин ким экенин билип калдык го...
Булак: NazarNews.kg