www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын аймактык бийлиги карантиндик эрежелерди бузгандар үчүн түрмө түзүүнү чечти. Бул тууралуу rbc.ru билдирди. Маалыматка ылайык, федералдык Саксония штатынын бийлиги карантиндик шарттарды бир нече жолу бузуп, коопсуздук чараларын сактоодон баш тарткан жарандарды камакка алуу үчүн атайын борбор ачууну чечти.

Маалыматты жергиликтүү бийлик тастыктады. Басылма коронавирус түрмөсү деп атаган. Ал 2017-жылы качкындарды жайгаштыруу үчүн курулган имаратка жайгаштырылат. Коронавирус түрмөсүндө кылмышкерлердин тагдыры кандай болору азырынча белгисиз, бирок ал жер курчоого алынып, полиция кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Саксониянын Социалдык иштер министрлиги качкындар борборунун мурунку имараты жаңы максаттарга ылайыкташтырылаарын билдирди. Кылмышкерлер соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлөт. Алгач эскертүү берилип, андан кийин айып пул салынат, андан кийин каратинди бузгандар "коронавирус түрмөсүнө" жөнөтүлөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости