www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Акаев келишимге толуктоолорду киргизгенге макулдугун берсе, “Кыргызалтын” канча толуктоо киргизди?

— 58 берене кошту. 31 барак болгон алгачкы келишим 117 баракка жетти. Чалгындоого СССР кетирген каражат 45 млн доллар деп бааланып, Кыргызстанга кайтарылмак болду. Менеджмент акысы 10 пайыздан 4,5 пайызга түштү. Бул Кыргызстандын пайдасына кошумча 120 млн доллар берди (10 эле жылдын ичинде). Үлүштөр алгач 60–40 болсо, 67–33 болуп Кыргызстандын пайдасына өзгөрүлдү. Кыргызстандын жарандары “Кумтөрдө” иштегендердин мурда 60 пайызы болсо, 80 пайызга жетти. Эң маанилүүсү, Башкы келишим жаңы 39 берене менен толукталды. Ал мындай: “Камеко” обязуется оградить Кыргызскую Республику от любых убытков и ущерба (прямых или косвенных), если “Камеко” нарушит свои обязатульства по Генеральному Соглашению.” Бул берене Кыргызстанга бүгүн кошумча 350–400 млн доллар “Центеррадан” кайтарып алганга шарт түзөт.

— Акаев дагы акча бер деп сурады беле?

— Майрам Акаева 1 млн доллар накталай акча бересиң деген. Алтын элдики, мен жалданган кызматчымын. Элдин акчасын бере албайм дегем. “Анда ордуңа бөлөктү коёбуз, ал берет” деп мени иштен алышты. Тилин албаган үчүн мага негизсиз, мыйзамсыз кылмыш иш козгошту.

— Сиз “Кыргызалтынды” 7 жыл жетектеп турганда колуңуздан 31 млрд сом өтүптүр. Кантип эле колуңузга аз болсо да жугуп калган жок?

— Апам айткан (мен “Кыргызалтынга барганда) “Балам, алтын жалпы элге кызмат кылганда гана адал болот. Таза иште. Бизге арам жукпайт. Баары бир кусуп коёсуң” деп. Бул улуу акыйкат сөз экен. Таза иштедим, айлыктан эле төлөгөн салыгым 1 млн 800 миң сом болуптур (ал убакта 1 доллар 5 сом, кийин 12 сом эле).

— 1994-жылы кол коюлган Башкы Келишим “Центерраны” түзүүгө уруксат береби?

— Ага тыюу салбайт, бирок Жогорку Кеңештин макулдугу жана Кыргыз Республикасынын үлүшүн сактоо шарты менен гана. Келишим боюнча “Кумтөрдүн” курулушуна алынган кредит кайтарылгандан кийин “Кумтөр” комбинаты толук 100 пайыз Кыргызстандын ээлигине өтөт, башкаруу дагы Кыргызстанга өтөт, “Камеко” болгону тапкан пайданын (прибыль) 33 пайызын гана алып турат.

— Мөңгүлөрдүн үстүнө отвал төгүү боюнча келишимде кандай каралган?

— Келишимде атайын берене бар, “мөңгүлөрдүн үстүнө отвал төгүүгө уруксат жок” деген.

— “Центерраны” түзүп, “Камеконун” үлүшүн 67 пайыз, Кыргызстандын үлүшүн 33 пайыз кылуу кимдин кызыкчылыгы үчүн болгон?

— “Камеко”, Акаев, Танаев үчүн. “Кумтөрдү” Акаев “Камекого” сатып жиберген. Муну мен далай жолу айтып да, жазып да бергем. Анын далили жетиштүү, күмөнсүз, бышык, талашсыз.

—2005-жылы сиз Мамкатчы болгондо бул маселени эмне үчүн көтөргөн жоксуз?

— Көтөргөм. Бакиевге айтсам, “Экономикага сиз кийлигишпеңиз. Аны Кулов экөөбүз эле тейлейбиз” деп койгон.

Булак: "Жаңы Ордо"

 

Последние новости