www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Эмне үчүн коронавирус ири шаарларды көп жоготууга учуратып жатат?
- 3 – 6 – 10 миллион адам жашаган мегаполистерде 1) аба абдан кир; 2) көп адам гиподинамияга учураган (кыймылсыз жашайт); 3) уйкулары бузулган; 4) тамагы жалаң химия. Демек, аларда иммунитет жокко эсе. Адамдардын өпкөсү начар, 50 – 60% дем алууга катышпай калган («застойные явления»).
- Эмне үчүн Тажикистан, Түркмөнстанда коронавирус мынча аз?
- Биринчиден, аба таза. Бирок, эң негизги себеп: тоодо абада кислород аз, ошол үчүн адамдардын өпкөсү аргасыздан катуу иштейт, булчуңдары күчтүү (нет застойных процессов в легких). Бул өлкөлөр коронавируска моюн бербейт, жукса да адам байкабай, басып жүрүп көтөрүп кетет. Дүйнөдө саясатчылар, артисттер жуктурду, бирок бир дагы белгилүү спортсмен жуктурган жок (жуктурду, бирок өпкө күчтүү болгондуктан, адам ооруган жок).
- Бул вирус жок болуп кетеби?
- Жоголбойт. Басаңдап, кайра күчөп, экинчи толкун, үчүнчү толкун болушу мүмкүн…
- Эмне үчүн 60 жаштан ашкандар көбүрөөк жабыркап жатат?
- Аларда кыймыл аз, өпкөлөрү начар, өнөкөт оорулары бар.
- Коронавируска каршы дарыны кытай элдик медицина табыптыр деген маалымат тарабадыбы. Уктуңузбу?
- Интернеттен көрдүм. «Италияга барат элек, бирок биздин дары чөптөрдү алар чек арадан өткөрбөйт экен» - деп кытай дарыгерлери айтканын көрдүм.
- Ал эмне болгон чөптөр?
- Бул дары чөптөрдү илгери эле кыргыз өпкө ооруларына даба катары пайдаланган. Ал чөп Кыргызстанда көп өсөт.
- Бул вируска каршы кандай даярдык көрүшүбүз керек?
- Жапырт дем алуу гимнастиканы өздөштүрүп, терең дем алуу аркылуу өпкөнү күчтүү кылуу жана иммунитетти бекемдөө иш-аракет кылуу өзүн актайт го…
- Дүйнө жүзү боюнча чек аралар жабылды, каттамдардын бардык түрү (аба, темир жол, деңиз ж.б.) токтоду, Мекке, мечит, чиркөө, кафе, казино, ресторан, түнкү клубдар, фитнес жайлар жым-жырт, бош, нечен жүз миллион адам жумушсуз калды, дүйнө экономикасы зор жоготууга учурады. Айрымдар бул Кудайдын каары – деп да айтып жиберишти…
- Коронавирустун себептерин жана кесепеттерин терең иликтеп, жыйынтыгын чыгарып, сабак алуу, алибетте, келечектин иши.
Эмне болсо да, бул вирус адамзатты терең ойлонууга аргасыз кылды. Антпесе, улам мутация болуп, өзгөрүлүп турган коронавирус мындан да оор абалды жаратып коюшу мүмкүн.
Бирок айрым сабактары бүгүн эле белгилүү болуп калды окшойт. Аларды эки топко бөлүп, медицинадан баштасак.
Статистика боюнча дүйнөдө орто эсеп менен жылына өпкө ооруларынан эки – эки жарым миллион адам каза болот экен, (ай сайын 160 миң, ар үч айда 500 миң). Коронавирустан январь – апрель айларында дүйнө боюнча 220 миң адам көз жумду.
-Анда эмне үчүн дүйнө мындай дүрбөлөңгө түштү?
-Коронавирус башталып, 60 күндө 100 миң адамга жукту, андан 11 күн өткөндө - дагы 100 миң адамга жукту, андан 4 эле күн өткөндө - дагы 100 миң адамга жугуп, 195 өлкөгө тарап, 24- апрелде 2.7 млн адам бул вируска чалдыкты.
-Демек тез жайылат экен да?
-Жылына дүйнө боюнча кадимки грипптен 800 – 840 миң адам көз жумат. Грипптин вирусу да тез жайылат. Бирок коронавирус бат эле өпкөнү жаратпай салат экен, а жасалма дем алдыруучу жабдык (ИВЛ) өнүккөн өлкөлөрдө да жетишсиз болуп, бейтаптар жардам ала албай, кыйналып, өтүп кетет экен (демейде, ИВЛ аппараттын саны муктаждыкты толук камсыз кылган). Коронавирус ушунусу менен өтө коркунучтуу турбайбы. Грипптин түрлөрүнө каршы антибиотиктер бар болсо, коронавируска каршы жок. Андай антибиотикти чыгарып, колдонгонго чейин 12 – 18 ай убакыт керек экен. Демек, бул жагынан да коронавирус коркунучтуу болду.
-Бул вирустун тез жайылышынын себеби эмнеде?
-Вирус жуктурган адам 14 – 20 күнгө чейин өзүн сопсоо сезип, күнүнө 15 – 20 адамга жуктурганын билбей жүрө берет экен. Бирок, вирус жуккан адамдардын 20, 30 пайызы гана дарылоого муктаж болуп, калган 80 – 70 пайызы ага моюн бербей, вирус жукканын билбей, дене табы көтөрүлбөй, жөтөлбөй жеңип кетет экен.
-Эмне үчүн?
-Бул изилденбеген, табышмактуу маселе. Менин пикирим боюнча, иммунитети күчтүү (жаны бекем), өнөкөт оорулары жок, эң негизи - өпкөсү күчтүү, терең жана туура дем алган адам коронавирусту жуктурса да ага моюн бербейт, бирок коронавирусту жайылта берет.
-Демек, коронавирустан сактанам деген адам иммунитетин бекемдеп, туура дем алып, өпкөсүн күчтүү кылышы керек экен да?
-Ысык-Көл областында - 10 эле адам (4- майга карата) – 300 миңге жакын эли бар, Чүй областында 72 адам жуктурду – бир миллионго жакын эли бар, Баткенде – 14 адам, 500 миңге жакын эли бар, Таласта жуктурган адам катталган жок. Себеби, абасы таза, элдер кара жумуш – мал багып, жер иштетип, өпкөлөрү жакшы, күчтүү, деңиз деңгээлинен 800 – 1300 – 1900 метр бийиктикте жашаганы үчүн.
-А бирок Нарында 103 адам жуктурду го. Анын 51 и – Ат-Башы районунда, бийик тоолу шартта болуп атпайбы?
-Беш эле дабатчы карантин эрежесин сактабай, тартипке баш ийбей, бийликти тоотпой, коронавирусту жуктурганын билип туруп элге жайылтып жүрдү да! Өзгөчө абал убактысында Вирус жуктургандардын саны 843 (анын ичинде 217 медицина кызматкери), көзү өткөнү 10 адам (көбү 70 – 75 – 80 жаштагылар). Ушул эле убакытта Ысык-Көлдө - 6, Бишкекте – 1 жаш өспүрүм өз жанын кыйды. Кыргыз «өмүрдү жаштарга берсин, жамандык карыларга көрүнсүн, балдардан топурак буйрусун» - дейт. Жаралуу бар жерде жоготуу болот – дегендей, бул жашоо мыйзамы экен. Коронавирустун ызы-чуусу менен онкология, диабет, бөлөк оорулар көңүлдүн сыртында калды… канча бейтап мезгилсиз өтүп кетти… бул да сабак болду го…
-Статистикага караганда, коронавирус ири шаарлар, мегаполистерге (3 – 5 – 8 – 10 миллион эл жашаган) апаат алып келди: Ухань, Чикаго,Москва, Нью-Йорк, Рим, Париж ж.б. Бул шаарларда медицина күчтүү, атайын жабдыктар жетиштүү эмеспи?
-Мегаполисте жашагандардын иммунитети өтө начар: кыймылсыз жашоо (гиподинамия), абасы булганып, тамеки чегишет, демек өпкөлөрү итий, алсыз (застой в легких из-за поверхностного дыхания), тамак ашы – жел, жалаң химия, ашык салмактуулар арбын, уйкулары бузулган, табияттан кол үзкөн, ичимдикти көп ичкен, эртеден кечке жанталашып жоолашкан – булардын иммунитети дагы калганына таң каласың! Эң чоң адашканы – акча баарын чечет, табиятка биз кожоюнбуз, - деп ишенип алганы…
-Россиянын РТР каналынан адисттер айтты: коронавирус жугузуп, айыккандардын 30 эле пайызында ага каршы туруштук пайда болот – деп. Айыккандар кайра жуктуруп алышы мүмкүнбү?
-Бул вирус тез-тез мутация болуп, улам өзгөрүлүп турганы менен коркунучтуу экен. Кытайда башталган вирус Европага жеткенде өзгөрүлүп, бөлөкчө болуп калганы аныкталды. Демек, буга каршы антибиотик табуу да татаал болот окшойт… Кытайда бул вирустан айыгып, кайра жуктурган учурлар болгонун угуп жатабыз…
Россияда вирусологдордун божомолу боюнча, коронавирус июнь – июль айларында басаңдайт – деп айтып жатышат. Кандай болсо да, вирус алып келген каатчылык медицина, илимпоздорго гана эмес, экономикага да чоң көйгөй жаратты го…
Медицина тармагы да чоң өзгөрүүлөргө учурай турган болду окшойт. Улам жаңы ооруга дары таап олтуруп, аны бизнеске айлантып, адам ден-соолугу улам начарлап баратканына да көңүл бурурулбай калгандын кесепетин бүгүн бүт адамзаат тартып олтурат.
Россиянын РТР каналы көрсөтүп жатат, коронавирус жуктуруп, бирок клиникалык белгилери жок болсо, больницага жаткырбай, үй карантинге калтырып, байкоого алышат экен. Бизде дароо больницага жаткызышат…
Алар кесипкөй, чагармачыл мамиле кылып жатат. Вирус жуктургандарды үч топко бөлүп, билегине кызыл, сары, көк белги байлап жатат: абалы оор, орто, жеңил - деген мааниде. Абалына жараша дарылоо да тандалат…
Бизде 4-майга карата 843 адам жуктурду, бул 0.016 пайыз, эпидемиянын чегинен кыйла төмөн…, бирок, “сактыкта кордук жок” – дегендей, “сактансаң кудай сактайт” эмеспи.
-Большевиктер доорунда кыргызды караңгы, жапайы, врачтары жок, медицинадан кабарсыз ж.б. деп жамандап келген. Чын эле ушундай болгонбу?
-Ар бир аймакта, өрөөндө чебер тамырчы болгон. Ар бир айылда элдик дарыгер бар эле: дары чөп менен дарылоо ыкмаларын жакшы билген. Адамдардын дени сак, ооругандар аз эле. Себеби, аба, суу, азык-түлүк – таза. Эртеден кечке адам кыймылдаган. Адамдар бири бирине адамкерчилик мамиледе болгон. Эрте туруп, эрте жаткан. Ичимдик, чылым чегүү, ашык салмак жок эле.
Азыркыдай, оорунун белгисин дарылабай, адамдын өзүн дарылачу.
Бүгүн медицина бүтүн бизнеске айланды. Максат – адамды дарылоо эмес, анын акчасын алууга айланды.
Чоң шаарлардын абасы, суусу булганган, азык-түлүктүн, тамактын көпчүлүгү - зыяндуу, эртеден кеч – жанталашмай (же жоодон качкандай, же жоону куугандай), адам мамилелери жырткычтардай.
-Терең ойлонгондо коронавирус чоң шаарларга өч экен да…
-Табият коронавирусту жиберип, туура жашагыла, адам болгула, табиятка мамилени өзгөрткүлө дегендей белги берип жаткансыйт…
Коронавирус апааты адам баласынын тагдырын жана келечегин чечкен маселени кабыргасынан койду. Ал маселе – табиятты талкалабай, булгабай жана анын мыйзам, талаптарына шайкеш, ылайык жашоо.
Жапайы жан-жаныбарлар медицина тармагы, доктурлары жок эле жашап, тукуму үзүлбөй келатпайбы!!! Кырылса – бир эле кишилердин жырткычтык мамилесинен, ачкөздүгүнөн, дүнүйөкорлугунан, наадандыгынан кырылып, жок болуп жатат.
Табияттын талабын бузбай жашаган адамдар антибиотик, антидепрессант, аналгин, аспирин ж.б. миңдеген дары-дармекке муктаж болбой эле нечен жүз миң жыл ден соолугу чың жашап келген.
Илимий эмгектен бир үзүндү келтирейин.
Зеланд Н.Д. Киргизы.Этнологический очерк. Санкт-Петербург. 1885жыл.
” В прошедшем году был в Пишпекском уезде случай, что джигита-каракиргиза засыпало снегом, в котором он просидел никак не менее 18 – 20 дней; единственною пищею ему служили голенища сапог, которые он съел до чиста” – стр.57.
Бул кыргыздын жаны бекем, иммунитети тоодой болгон үчүн, кар астында 20 күн жатып аман калган.
-Бүгүн ден соолугу эң бекем, космонавтыкындай чың адам кар астында 5 эле күн жатып аман калабы?
-Эсимде, мектепке бара элекмин, күз мезгили. Жайлоодон жакага көчүп калдык. Көч эрте кетип, чоң атам менен шашпай малды жайып, айдап келатабыз. Түштөн кийин күн бүркөлүп, жаан төгө баштады. Мен жылаңайлак, жылаң баш, үстүмдөгү күрмөмдү чоң атам “бекер суу болот” деп чечтирип, жеңил чепкенинин ичине салып алды. Кыштакка жеткенче жаан басылган жок, катуу шамал аралаш… чоң апам сүт кайнатып, сары май кошуп, жупка салып, жегизип, уктатып койду… Эртең менен эрте туруп, козуларды кармап, көгөнгө байлап, койлорду жайып кеттик балдар менен…
Шаарда өскөн балдар өпкөсүнө суук тийип, ангина болуп, жөтөлүп, денеси ысып, төшөккө жатып калмак.
-Коронавирустун айынан дүйнөдө түзүлгөн оор абалды кыргыз дөөлөтү аркылуу баамдап, түшүнүүгө аракет кылсак, өзүбүзгө да пайдалуу сабак болобу…
-Бул абалды ар кандай көз караш менен иликтегендер бар: медицина, илимий, саясий, социалдык, экономикалык, соода-сатык, азык-түлүк ж.б. кызыкчылыктар аркылуу.
Ал эми кыргыз дөөлөтү өңүтүндө ой жүгүртүүгө аракет кылып көрөлүк. Жүз миң жылдык тарыхий тажрийбага таянып, көсөм, көрөгөч бабаларыбыз бул абалды баамдап, бизге минтип айтмак: “Табиятты ыйык тутуп, аны менен эриш-аркак (гармонияда) жашаган байыркы жолубуздан адашып, өзүн табияттан бийик коюп, табиятты булгап, талкалап, жан-жаныбарларды аеосуз кырып, ыйман-адептен кабарсыз, жалаң акча, байлык, бийлик, зордук-зомбулукту билгендерди ээрчип, адамча жашап, адамча мамиле кылганды эстен чыгарып, адилет, калыстык, акыйкатты тебелеп, балдардын келечегин ойлобой күнүмдүк көр оокат менен гана жашап, кесириңер тоодон ашып, кыргыздын улуу дөөлөтүн кор кылып, ырысыңарды кемитип, туюк жолго түшүп алыпсыңар.
Миң жылдар бою кыргызды сактап келген тамак-ашты чанып, күч-кубаты, жугуму, сиңими, пайдасы жок жел азыка өтүп, оору-сыркоого туруштук бере албай, жаны бекем адам тоотпогон коронавирустан коркуп, ызы-чуу болуп жатасыңар.
Биздин улуу жолубуздан айнып, бөлөктөрдү ээрчип, туурап олтуруп бекер эле убара болосуңар: ал силерге жакпайт жана жукпайт.
Силерге бейиштин төрүндөй Ата-Мекен калтырдык, аны таштандыга толтуруп, ачкөздүк менен туш-келди казып, аңтарып, Ата журттун кунарын кетирип жатасыңар.
Нечен миң жыл бою дүйнө элдердин алдыңкы катарында жүрдүк эле.
Бүгүн болсо кайыр-садака сурап, тилемчиликке көнүп алыпсыңар.
Кыргыздын улуу дөөлөтүн кемитип, өксүтүп, бөксөртпөй, тескерисинче, толуктап, байытып, келечек муундарга өткөрүп бергиле!
Кыргызды жер каратканыңар жетишет, эми намыска келип, бир тилек, бир максат, бир үмүт менен биригип, Улут туусун бийик көтөрүп, желбиретип, бактылуу болгула!” – демек.
Уландысы бар
Булак: NazarNews.kg