www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Дем-Нур"  медициналык борбордо психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо, колдонуу жана сатуу фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, медициналык борбордун ээси 1955-жылы туулган О.Ш. баңгизаттарга жана алкоголдук ичимдиктерге көз каранды бейтаптарды тиешелүү уруксат берүүчү лицензиясы жок эле дарылоону жүргүзүп, психотроптук заттарды мыйзамсыз сактап, колдонуп жана саткандыгы аныкталган.

Аталган клиникага жүргүзүлгөн тинтүүнүн жүрүшүндө 18 ампуладагы психотроптук заттар, 600 ампуладагы жана 16 таңгактагы ар кандай дары-дармектер табылып алынган.

Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүү учурунда дагы  психотроптук заты табылган.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жаран О.Ш. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости