www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы мамлекет тарабынан 856 548 703 сумма бөлүнүп, жалпы билим берүү уюмдарына 5 млнго жакын нуска окуу китептери жеткирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Аида Ишеналиева билдирди.
Аида Ишеналиева Кара-Сууда билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен өткөн жолугушууда учурда басылып жаткан жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстеринин иштелип чыгышы, мазмуну ж.б. окуу китептери боюнча толук маалымат берип, мугалимдер жана ата-энелер үчүн адаптерлер жана редакторлор тарабынан онлайн жана оффлайн колдоолор өткөрүлүп турарын белгиледи.
Ошондой эле ал, жаңы билим берүү стандарттарына ылайык, бардык окуу китептери жаңыланарын кошумчалады. Буга чейин 2017-жылдан 2024-жылга чейин болгону 4 миллионго жетпеген окуу китеби басылып чыгарылган.