www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

 Анын айтымында, чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандары мамлекеттердин чек арасын кесип өтүүдө миграциялык карта толтуруу, каттоого туруу, жарандардын үчүнчү өлкөнүн аймагына кирүү, чыгуу, көчүү жана транзиттик өтүү үчүн документтерди берүү сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда.

«Көп учурда документтер начар абалда болуп, анан алар жашаган жана иштеген өлкөдө алардын укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктар жаралат. Көптөгөн жарандарыбыз туура маалыматтын жоктугунан чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөргө өз убагында кайрыла алышпайт”-деп белгиледи Марлен Маматалиев.

Ал чет өлкөлөрдө миграциялык борборлорду түзүүнү сунуштап, анда мигранттарга акысыз юридикалык, социалдык колдоо көрсөтүлүп, каржы-экономикалык маселелер боюнча маалымат берилет.

 Эмгек мигранты иштей турган максаттуу өлкөгө келгенден кийин жумушка орношуу маселеси менен бетме-бет келет. Эмгек келишимин түзүүдө ал иш берүүчүгө керектүү документтердин тизмесин көрсөтөт. Үй-бүлөң менен келсең, социалдык маселелер бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости