www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев ИИМ саясатчы, активисттердин телефон чалууларын кайсы факт боюнча тыңшап жатканын сурады.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев тыңшоо 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар боюнча жүргүзүлгөнүн билдирди.

Бекешев: - Камчыбек Ташиев суракка чакырылды беле?

Аширхожаев: - Билбейм. Тактап берейин. Көп адам суракка чакырылган.

Бекешев: - Чакырылган эмес. 5-октябрда ал дагы аянтта болчу. Мен аны менен саламдашкам. Ал тургай эл алдында сүйлөгөн.

Аширхожаев: - Мен ал суракка чакырылган эмес деп айткан жокмун.

Бекешев: - Чакырып көргүлөчү. Эртең эле жумуштан алынасыңар. Сиз муну жакшы билесиз. Садыр Жапаров суракка чакырылды беле? Мен анын суракка чакырылганын уккан жокмун. Бирок 6-октябрда эртең менен ал аянтта жүргөн да. Мен түшүнө албай жатам. Силер кылмыш ишин козгоп, басып алуу, төңкөрүш менен алектенбеген адамдарды тыңшап жатасыңар. Силер басып алууга айыптап жатасыңарбы? Анда Сооронбай Жээнбековду кайра ордуна коюш керекпи? Эмне менен алектенип жатканыңарды түшүнө албай жатам. Бул кылмыш иши эмнеге керек? Эмнени билгиңер келип жатат? Ак үйдү басып алгандардыбы? Анда бул жактагы камерадан кимдер кирип, талкалагандарды карашыңар керек болчу. Мен эч нерсе талкалаган эмесмин бул жакта. Эмненин негизинде кылмыш ишин козгодуңар? Бийликти басып алуу боюнчабы? Анда президент — мыйзамсыз.

Аширхожаев: - КЖБРга 5-6-октябрдагы массалык башаламандыктар боюнча катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости