www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушев Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 6-отурумунун иш-чарасына видео-конференц-байланыш режиминде катышты.

Аталган иш-чара Армения, Беларусь Республикаларынын жана Россия Федерациясынын Башкы прокурорлору, ал эми Казакстан, Молдова жана Тажикстан Республикаларынын коррупцияга каршы күрөшүү агенттиктеринин башчыларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушев иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн башкы көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы иш аракеттер жана бул багыттагы реформалар тууралуу баяндама жасады.

Жыйында бир катар маселелер каралып, кийинки отурумдун Төрагалыгы Беларусь Республикасынын Башкы прокуратурасынан Казакстан Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттигине өткөрүлүп берилди.

Кеңештин мүчөлөрү тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги 7-отурумун 2022-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү жөнүндө чечими кабыл алынды.

Кошумча маалымат: 2013-жылдын 25-октябрында Беларусь Республикасынын Минск шаарында КМШ катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин отурумунда мамлекеттин башчылары (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости