www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен биргелешкен холдингдин уставдык капиталына бюджеттен каражат каралганбы? Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров сурады.

Буга экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов май-июнь айларында бюджетке өзгөртүүлөр киргизиле турганын айтты. 

"Каржылоосу боло элек келишимди бекитишибиз керек экен? Эми бул жерде биздин башыбызды айлантып, ушинтип жооп берип атышат", - деди А.Мадумаров.

Буга Каржы министринин орун басары Руслан Татиков башты айлантпай, түз эле айтабыз, деп жооп берди.

"Бул каражаттар бюджетте каралган эмес, бирок Жогорку Кеңеш концепцияны бекиткенден кийин табылат. Биз кепилдик беребиз", - деди ал.

"Руслан иним, шымды башынан эмес, бутунан кийет. А силер айтып жаткан сунуш шымды башынан кийет дегендей болуп жатат. Мындай болбошу керек", - деди депутат Мадумаров.

Бул убакта "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында биргелешкен холдингдик компанияны түзүү жөнүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу, 2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган" мыйзам долбоору каралып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости