www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракалпакстанда газ жарылып, 5 адам каза болду

Нукус шаарындагы төрт кабаттуу үйдө газ жарылгандан кийин урандыларды тазалоо учурунда дагы төрт адамдын сөөгү табылганын бүгүн Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, 30-январга караган түнү куткаруучулар беш жашар кызды урандылардын алдынан алып чыгууга жетишкен. Ал ар кандай оордуктагы жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Дагы эки адам күйүп калган.

 Газ жарылуусунан жабыркагандардын жалпы саны беш кишиге жетти.

Эске салсак, жекшемби күнү, 29-январда саат 16:15те Нукус шаарындагы үйлөрдүн биринин 4-кабатындагы батирлердин биринде газ жарылган. Бир нече батирлердин төртүнчү кабатынан биринчи кабатына чейинки шыбы урап түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости