www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда курал-жарактарды сактап жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунда “РГД-5” гранатасын жана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда Чүй облустук милициясына “А” аттуу жаран Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында курал-жаракты, жардыргыч заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап, колунда бар жарандардын мүлкүн жана акчасын опузалап талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Токмок шаардык милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 28-январда Чүй облустук жана Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында жайгашкан үйдү тинтүү учурунда 1986-жылы туулган Б.А. кармалып, андан 1977-жылы чыгарылган, 9 мм калибрдеги “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 17 даана 9х18 мм калибрдеги ок-дарысы, “РГД-5” гранатасы табылган. Табылып алынган граната атайын кызматкерлер тарабынан зыянсыздандырылды.

Мындан тышкары, кармалган жарандын 1986-жылы туулган Б.А. мурда бир нече жолу соттолгон, ошондой эле опузалап акча талап кылгандыгы үчүн милиция тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Учурда кылмышка шектүү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости