www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери аткезчилик жол менен тамекилерди кармашты, келтирилген зыяндын суммасы 200 миң сомдон ашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Жаш Гвардия/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен Кыргыз Республикасынын жараны Б.Г.С.нын башкаруусундагы Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаа токтотулган. (башкы тамгалар өзгөртүлдү).

«Унаанын салонунан акциздик маркасы жок 80 куту тамеки табылган. Жүк бажыдан өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 211 миң 65 сомду түздү.

Аталган факты АИС ЖУИ ЭРП ге катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости