www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте тез жардам кызматынын дарыгерине кол салуу болду

27-январда Бишкектеги кафелердин биринде тез жардам кызматынын дарыгерине кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Милицияга арыз менен Д.К аттуу жаран кайрылган. Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде мушташып, чакырууга келген тез жардам кызматынын дарыгеринин медициналык чемоданын бузуп салган белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп билдиришти редакциядан.

Эске салсак, буга чейин тез жардам борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов бул окуя боюнча билдирген. Анын айтымында, «Инлаваш» кафесине тез жардам бригадасы чакыруу боюнча келишкен. Жабырлануучуга жардам берүү аракетинде дарыгерлер өзүн иниси катары тааныштырган адамдын агрессиясына кабылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости