www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарына текстиль фабрикасын куруп жаткан “Декна Бишкек Текстиль” ишканасынын өкүлү Йылмаз Алдуз менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанга инвестиция тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү маселелери талкууланып, тараптар текстиль фабрикасынын долбоору тууралуу баарлашты.

Буга чейин Кыргыз-Түрк Соода-өнөр жай палатасынын форумунун төрагасы катары эки-өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келген депутат Нурланбек Азыгалиев текстиль фабрикасынын ачылышын кубаттаарын билдирди.

“Мындай ишканалардын ачылышы өлкөдөгү жумушсуздукту азайтууга жана аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле ийгиликтүү иштеп кетсе, башка инвесторлордун да келишине түрткү болот. Андыктан, ар тараптуу колдоого алып, фабриканын иштөөсүнө көмөк көрсөтүүбүз кажет”,– деди эл өкүлү.

Белгилүү болгондой өткөн жылы курулушу башталган текстиль фабрикасы жалпы 93 миң чарчы метр жерге жайгашкан. Азыркыга чейин 10 млн АКШ доллары жумшалып, 2025-жылга чейинки 1-этабында 22 млн АКШ доллары сарпталаары мерчемделген. Ал эми долбоордун жалпы наркы 27 млн АКШ доллары деп эсептелген. Алгач 400дөй адам эмгектенип, күнүнө 20 тоннадай жип жана кездеме өндүрүлөт. 2027-жылы фабрика толук бүткөрүлсө, 1200дөй киши иштеп, күнүнө 100 тонна товар чыгарылат. Жумушчулардын көпчүлүгү аялдар болоору да болжолдонууда.

Андан сырткары, өндүрүлгөн товардын 85%га жакыны коңшу өлкөлөргө жана Европа мамлекеттерине экспорттолот.

Ишкананын өкүлү Йылмаз Алдуз фабриканын алкагында кошумча ишкана курууну көздөгөн инвесторлор көп экенин айтып: “Азыртан эле инвестиция салууга кызыкдар чет элдик ишкерлер чыгууда. Буга кошумча чийки сырьену да Кыргызстанда чыгарып, пахта өстүрүүнү колго алсак деген ниеттебиз”, – деди. Муну менен катар ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн эл өкүлүнө ыраазычылык билдирди.

Кошумчалай кетсек, Нурланбек Азыгалиев буга чейин да аталган фабриканын курулушу менен жеринде таанышып, инвесторлорду ар тараптуу колдоо багытында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости