www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы шайланды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев “Ынтымак” парламенттик фракциясы Атыр Абдрахматованы колдой тургандыгын айтып, буга кошумча Турсунбек Акунду да сунуштап жатышканын билдирди.

Ал эми, депутат Нуржигит Кадырбеков “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясы тарабынан да Атыр Абдрахматова сунушталганын айтып: “Ошондой эле Бакытбек Узенбаев менен Мамат Момуновдун талапкерлигин көрсөтүп жатабыз”, – деди.

Ошондой эле, депутат Адахан Мадумаров Атыр Абдрахматованын талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” да сунуштаганын айтып, колдоого чакырды.

Жыйын маалында сунушталган талапкерлердин өмүр баяны тааныштырылып, өздөрү да жасай турган иштери тууралуу учкай маалымат беришти.  

Андан соң, депутаттардан турган атайын эсептөө комиссиясы түзүлүп, талапкерлерге добуш берүү жараяны өттү.

Жашыруун добуш берүүнүн негизинде Атыр Абдрахматовага 50, Турсунбек Акунга 2,  Мамат Момуновго 9,  Бакытбек Узенбаевге 13 жана баарына каршы 3 добуш берилген.

Жыйынтыгында Атыр Абдрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости