www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү акыркы кырдаалдар валютанын өзгөрүшүнө алып келип, доллар көтөрүлүп, ал эми рубль курсунун баасы төмөндөдү. Акчанын улам өзгөрүлүп туруусу көпчүлүк ишкерлерди, мигранттарды ойго салды. Мындан улам, КРнын президенти Садыр Жапаров жалпы элге кайрылып, акчаны акчалай сактабастан, алтын кылып сактоону сунуштады. Анткени, алтын эч качан кунун жоготпойт. Кайрылуудан кийин Улуттук Банкта алтын алуучулар кезекте турганы да айтылган.

Өлкө башчынын пикиринен улам, коомдо ар кандай талкуу жаралып, айрымдары алтын алып сактагыдай байлыктары жок экенин айтса, кээ бирлери ажобуздун пикирин туура деп баалады.

Ал эми, ЖКнын депутаты Балбак Зарлыкович, Президенттин бул пикирин колдоп, “биз да Түркия мамлекетиндей мааракелерде акчанын ордуна алтын берүүнү салтка айлантсак” - дейт.

“Кумтөрдүн алтыны Улуттук Банкта эле турат. Ошону экономикабыз үчүн колдонсок кандай жакшы. Мен ажобуздун айткандарын колдойм. Мисалы, Түркия мамлекетинде бала төрөлсө, үйлөнсө ошолорго алтын алып барышат. Бул алар үчүн салт катары эсептелинет. Барат, алтынды алат, балага тагат. Бул жаңы төрөлгөн бала үчүн да, үйлөнүп жаткан адам үчүн да инвестиция болуп калат. Алтындын баасы эч качан түшпөйт, ал илгертен бери акча болуп калган. Мисалы, биз тойлорго барсак сөзсүз акчалай кошумча алып барабыз. Акчанын ордуна 1-2 грамм кылып, ар ким шартына жараша алтын алып барса, экономикага да, мааракенин ээсине да пайда алып келмекпиз.Ошондуктан, мен элге ушундай чакырык таштадым,” – дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости