www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев кыргыз коомчулугунда мугалимдердин статусу тууралуу маселени көтөрдү.

Депутат жакында эле №91 мектеп-гимназиясында окуучу мугалимди көзгө илбей, социалдык тармакта түз эфирде отурган окуяны эске салды. Алиевдин айтымында, СССРде мугалимдер катуу тартипти талап кылып, окуучуну уруп да койгон.

"Илгертен бери эле ар бир коомдо мугалимдин орду чоң болгон. Мугалим ар бир жарандын калыптанышынын, өнүгүүсүнүн башатында турган инсан. Тилекке каршы, учурда Кыргызстанда мугалимдердин кадыр-баркы төмөндөп кетти. Окуучулар, алардын ата-энелери айрым учурларда өздөрүнүн укуктарын кантип коргоону билишет, бирок жоопкерчиликти билишпейт.

СССРде мугалимдер кандай болгонун угуп калдык. Таяк менен тарбиялап олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдап келишкен. Кыргыз окуучулар так илимдер, физика, химия предметтери боюнча Бүткүл союздук олимпиадаларда биринчи жана экинчи орунду ээлеп келишкен. Анда мугалимдер катуу талап коюшкан. Азыр болсо мугалим үнүн бир аз көтөрсө эле, ызы-чуу болуп жатып калабыз. Мугалимдер кандайдыр бир талап коюудан коркуп калышты. Бул жакшы көрүнүш эмес жана эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Биз баарыбыз мамлекетибизге мугалимдердин коомдогу ролун жана беделин бекемдөөгө жардам беришибиз керек”, - деди Алиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости