www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шабданды Шабдан кылгандардын бири – бул кадимки Канат хан экени эч талашсыз. Буга далил болчу көп себептер бар. Канат баатыр Шабдандан он эки жашка кичүү болгону эчактан бери айтылып келет. Шабдан Канаттын ар дайым кара кылды карк жарган калыстыгын, даанышмандыгын, калк ичиндеги кадырын, бир чети тууган, Үчүке менен Түлкү бир тууган, тууган катары да өтө катуу ызааттап, анын астынан эч кыя өткөн эмес. Экөө көп учурда үзөңгүлөш жүрүшкөн. Канат хан Шабданды Алайда Курманжан датканын кишилери аз жерден өлтүрүп кое жаздаганда куткарып калгандыгы тарыхый маалыматтарда, санжыраларда көп эле айтылып жүрөт. Ошондой эле, Шабдан ар дайым болбосо да, көп учурда Көтмалдыдагы (азыркы Балыкчы шаары) Чоң Топту Канат хансыз баштатпай, ал бир күн же жарым күн кечигип калса “Канат хан келсин” деп, ошончо элди күттүрүп койчу экен. Бул Канат хан Шабданга болгон эки гана таасири. Тилекке каршы, Каныбек мырзада Канат хан тууралуу эч деле маалымат жок окшобойбу, болсо да ар кимден тескери маалымат топтогонбу же даңазасы таш жарган Канат ханды Шабдандын алдында басынтып коеюн дегенби, айтор өзүнүн романында Канат хан ды“кара мүртөз, күлүк аттын кумарпозу, жакпаган адамдардын баарын жок жерден айыпка жыктырып, сабатып турган ж.б.” деп өтө эле одоно сүрөттөйт да, бир жеринде Шабдандан 3-4 жаш кичүү десе, дагы бир жеринде он жашка улуу деп тантыйт. Негизи эле Шабдан менен Канат хандын жаш айырмасын тыңыраак билбеген адам, Канат хан тууралуу эмнени билет эле деген суроо аргасыздан туулат. Канат ханды биз ашыкча мактоодон алыспыз. Ал дагы мактоого муктаж эмес болгону менен, мамлекеттен эмдигиче өз баасын ала элек тарыхый инсан. Бул романда автор Канат ханга: “Казактардын бир күлүгүн сен Шабдан мага ыраа көрбөй койдуң, эми жүзүңдү өлгөндө көрөйүн” деп Шабданды каргап-шилеп коюптур. Бул “жомокту” Иманалиевге ким айтканын ким билсин, ким айтса да ага далил жок. Ойдон чыккан көркөм окуя болуп жатпайбы. Чынында Канат хан күлүк ат үчүн таарынбаган, андай майда-барат турмуштук көрүнүштөрдөн бийик турган инсан болгондугун Иманалиев билбесе да, жалпы кыргыз эли жакшы билет. Дагы бир кызыгы, өткөн жылы Каныбек мырза Кочкордо болуп өткөн Канатхан дын тоюнда Канат ханды жерге-сууга тийгизбей, бапылдап айда мактаганын өз кулагым менен уккам. Ал тургай ал ЖМКларда да чагылдырылган. Бирок бул китепте андай мактоонун бири да жок. Адамдын эки жүздүүлүгү дал ушундайда билинет эмеспи. Жазат деген ушу деп жаза бербей, тарыхый роман жазасыңбы, демек көркөмдүктүн чындыгына таянбай тарыхый чындыкка таянып жазуу абзел эмеспи.
Ал эми кыргыз тарыхтан да, санжыралардан да Шабдандын жигити Баяке карамүртөз, “бөрк ал десе, баш алган” инсан болгондугун баарыбыз жакшы билебиз. Шабдан атабыз Баякенин акылга сыйбаган жоруктары үчүн далай жолу уялып, айрым кездерде өзүнө да сөз тийген учурлар болгону тарыхый чындык. Бирок автор Баякени бул романда башкача жазган тарыхый чындыктан алыстатып, айтор болушунча “кооздогон” экен.
(Уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg